|
Сайт тууралуу Урматтуу тордоштор!!!
Биз ушул күндөрү ааламдашуунун улуу чордонунда, башкача айтканда планеталык биримдикте өнүгүүнүн айкын жолунда турабыз десек дагы бүгүнкү санариптик технологиялардын улуу күчү
кайра эле өзүбүздүн аң-сезимибизди улуу толкундарды жаратып маалыматтардын өз-ара тынымсыз
күрөшү болуп жатканын сездирбей койбойт. Мына ушул мезгилдин агымында биз кыргыз эли, кыргыз
жаштары кандай акыл ойдун, ар-намыстын желегин кармап баратабыз?
Мына ушул назиктешүүнүн чексиз күчүнө ишенген, акыл-ойдун улуу басакесин жараткан сынчыл мезгилде байыртадан теңдикти баалаган, элдер ара достукту ырдаган, Манас менен Чыңгызды
жараткан, өнөр сүйгөн, өнөр сыйлаган көчмөн маданияттын эстетикалык бийигине жеткен акылман
кыргыз элибиздин жалпы көрүнүшүн элден мурда өзүбүз, өзүбүздүн жаштар канчалык таанып билет?...
Мына ушундай ойлорумдан улам мен жалпы кыргызчылык жөнүндө, ашынган улутчулдук жөнүндө эмес тек гана кыргыз көркөм өнөрү жөнүндө, анын ичинде айрыкча кыргыз кино өнөрү жөнүндөгү бул
жеке сайтымды түзүп жатамын. Мындагы негизги себеп бир жагынан менин кесибиме, кино өнөрүнө
болгон айрыкча ышкыма байланыштуу болсо, экинчи жагынан кыргыз көркөм өнөрү жөнүндөгү
сайттардын аздыгы жана алардын башка тилдерде болгону. Мына ушул боштукту толтурайын
деген чын нээтим, алгачкы аракетим. Албетте кийинчерээк теңирим жолун берсе бир гана кыргыз
кино өнөрү жөнүндө эмес дүйнө кино өнөрү жөнүндөгү ар кандай маалыматтарды кыргыз тилинде
жаңыртсам деген оюм дагы бар.
Көркөм өнөр, башкача айтканда искусство - бул адамдык аруулуктун башаты экенин баарыбыз билебиз. Ошондуктан да урматтуу тордоштор, мен сиздерди ушул жупуну сайтыма, анын
ичинде айрыкча кинофорумга, жалпы кыргыз көркөм өнөрү жөнүндөгү эркин маектешүүгө, эргип
чайлашууга чакырам! Жана сиздерди ар-дайым маданияттуу сөз баккан коноктор деп билемин.
- Гани Кудайберген уулу |
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||

